www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук банк Кыргызстанда орус рублинин жүгүртүүгө чыгарылганы тууралуу маалыматты төгүндөп, жалпыга маалымдоо каражаттарын коомчулукту адаштырбоого чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр өлкөнүн улуттук валютасында (сом) жүргүзүлө турганы белгиленген.
"Төлөм валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныктала турган, экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин эске албаганда, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. Кыргызстандын мыйзамдарында өлкө аймагында эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте чет өлкө валютасы менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралган", - деп жазылат маалыматта.
Улуттук банк ошондой эле, сом өлкө боюнча жападан жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты экенин эскертти.
Эске салсак, буга чейин кыргызстандык басылмалардын бири 1-июлдан тарта орус рубли Беларус менен Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө киргизиле турганын билдирген. Маалымат булагы катары орусиялык Телеграм-каналдары аталган. Анда "валюталык биримдикти түзүүнү тездетүү боюнча чечимдер даярдалганы" айтылган.
Булак: NazarNews.kg