www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Азык-түлүк коопсуздугу жыл санап кооптуу болуп баратат. Өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүүгө кандай зарыл кадамдар керек?

-- Айыл чарбасына көбүрөөк кредит бөлүнүшү шарт. Бул жылдан тарта дыйкандарга кененирээк мүмкүнчүлүктөр ачылып баштады. 10 млрд. сом мал чарбачылыгына, андан тышкары дагы 13 млрд. сом жалпы айыл чарбага бөлүндү.

Муну мамлекет түшүнүп баштаганы жакшы. Себеби, дүйнө жүзүндө азык-түлүк коопсуздугу боюнча катуу аракеттер жүрүүдө. Акыркы жети-сегиз жылдан бери айыл чарба өндүрүмүнүн жетишсиздиги байкалып келген. Мисалы, Кытайдан акыркы 6-7 жылдан бери биздин өлкөгө кумшекер, май жөнөтүлбөй калды. Муну көйгөйдүн чоң белгиси катары түшүнсөк болмок.

Бизде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кредиттер да тийбей, башка жактарга максатсыз эле бериле берген. Аны президент өзү деле айтып чыкты. 97% фермерлер өз багыты менен кредит алган эмес.

Мына эми быйыл көзөмөл болуп, кредит фермерлердин колуна тийе турган болсо, биздин айыл чарбада өндүрүү мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Кыргызстанда 1 млн. 275 миң гектар жерибиз бар.

Салыштыра турган болсок, Голландиянын 940 миң гектар гана жери бар. Бирок, Голландия дүйнө жузүндө экинчи орунда турган экспортер болуп эсептелет. Демек, биздин мүмкүнчүлүгүбүз өтө чоң. Жаныбызда Индия, Кытай сыяктуу чоң мамлекеттер турат.

Мындайча айтканда, дүйнө жүзүнүн тең жарымы менен кошуна турабыз. Бул мүмкүнчүлүктөрдү колдонсок болот. Болгону эле мамлекет тарабынан өндүрүүнү уюштуруп берсе, калганына биздин фермерлер жетише алат.

-- Берилген кредиттер айыл чарбадагы кайсы багыттарга басым жасайт?

-- Быйыл “3,5-4,5% менен бак тиккенге кредит берилет” деп көңүлдү көтөрүп жатышат. Бул дыйкандардын өсүүсүнө аябай чоң мүмкүнчүлүк. Алма бак тиксе 3-4 жылдан кийин түшүм бере баштайт.

Ал алма 20-30 тонна түшүм бере баштаганда, 20-30 миң доллар киреше берет. Ошол эле жерге буудай эгиле турган болсо, аябай жакшы берген учурда бир гектардан 500 доллардан киреше берет Беш жылдын ичинде 2,5 миң доллар бере турган жерде алма болсо, түшүм бере баштаган биринчи жылында эле 10 миң доллар киреше берет. Учурда алмага, өрүккө, алчага кредит бериле баштады. Жумуш бизде аябай көп.

Жайдын күнү айыл жергесинде чөп жыйнаганга киши жок. Мисалы, курулуштарда башка өлкөлөрдөн келгендер иштеп жатышат. Тигүү цехтеринде деле ошондой көрүнүш. Ошонун баары бизде жумушчу орундар бош болгондугунан болууда. Мурда “айыл чарба өндүрүмдөрүн сата албай калабыз” деген көйгөйлөр бар эле. Азыр андай жок. Болгону мамлекет ошол өндүрүмдөргө акча салышы шарт. Өндүрүш гана экономиканы өстүрүүгө жардам берет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости