www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук банк ири интервенция жасап, валюта базарына 179 миллион 500 миң доллар сатты. Бул 2025-жылдагы эң ири интервенция болуп калды. Буга дейре Улуттук банк 10-ноябрда 173 миллион 900 миң долларды саттыкка чыгарган.
Ага чейин 1-октябрда 38 миллион доллар саткан.
Быйыл жалпысынан валюта базарына 853 миллион доллар сатылды. Ошондо бул жылы дээрлик бир миллиард долларга чукул доллар сатылган. Ал эми 2025-жылы кайра сатып алуу болгон жок.
Улуттук банк былтыр валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен чыккан.
Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан. Расмий маалыматка ылайык, былтыр 675,6 миллион доллар сатылып, 369,8 миллион доллар сатып алынган.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.