www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга дейре Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болуп, бирок шайланып кеткен соң элди унутуп койгону боюнча нааразы болгон сындар бүгүнкү күнгө чейин арбын айтылып келген Гүлкан Молдобекова кайрадан шайланып келди.
Сыягы, акчачаң болсо калтаңда, каалагандай талтаңда деген ырас окшойт. Пенсия алып, небере жыттап үйдө отурчу убагы деле келди. Улгайганына карабай жаштардан орун талашып шайлоодо “бир этегин үзө басып, бир этегин жаза басып” жүрүп, эңсеген мандатын алды.
Негизи саясатта акчадан башка, адамгерчилик, кесипкөйлүк жана элге берилгендик баалуу болушу керек. Бирок мындай сапат Молдобековада барбы деген суроо туулат?
Депутатттык мандатты атасынан мураска калган менчигиндей көрүшкөн “эскирген депутаттарды” шайлай берген элдин шору. Эми 5 жыл депутаттар андай эле ,мындай эле деген наалыган нааразычылыкты токтотуп, “ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма” болуп отурушу абзел.