www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Үмүт 2020” кыймылы президентке кайрылды

“Үмүт 2020” саясий кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова президентке ачык кайрылуу жасады. Бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаган.

Маалыматка ылайык, ал кыймылдын кандайдыр бир саясий амбициясы жок экенин, өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөөнү гана көздөрүн билдирип, президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун өтүндү.

- Биздин айрым мүчөлөрүбүздү камап, мүлкүбүздү рейдерлик басып алуу аракети жүрүп, бизге карата аңдуу жана чагымчылдык аракеттер жүрүп жатат.

Сизден өтүнөрүм, мени “Үмүт 2020” кыймылынын өкүлү катары кабыл алыңыз. Сиз менен өлкөдөгү репрессиялар жана сөз эркиндигине басым тууралуу бетме-бет сүйлөшкүм келет, - деп билдирди Ширин Айтматова.

Эске салсак, жаңы түзүлгөн "Үмүт 2020" кыймылынын негизги максаты – азыркы парламенттеги депутаттардын былык иштерин ачып, элди 2020-жылдагы шайлоодо таза депутаттарды тандоого чакыруу. Бул кыймылдын түзүүчүсү - парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова. Айтматова буга чейин айрым саясатчылар, депутаттар жөнүндө иликтөөсүн жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости