www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздө  көмүрдүн баасы арзандады

 Өлкөбүздө  бүгүнкү күндө  көмүргө болгон чекене баа орто эсеп менен арзандады.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка караганда,  болжол менен көмүрдүн чекене  баасы 51,13 сомго же 1,1%га арзандаган.

Мекеменин маалыматына караганда, эң жогорку баалар тонна менен караганда:

  • Ноокат шаарында – 7 миң 611,43 сом.
  • Баткен – 7 миң 140,04 сом,
  •  Кара-Суу – 6 миң 245 сом .
  • Исфана шаарында – 6 миң 245 сомду түзгөн.

Ал эми төмөнкү баалар:

  • Балыкчы шаарында (3 миң 94,59 сом) .
  • Нарын шаарында (3 миң 500).
  • Чаек районунда (2 миң 500) байкалган.

Көмүргө болгон баа аталган аймактарда эң көп жогорулаган:

  • Өзгөн шаарыда баасы -402,69 сомго же 8,1% жогорулаган.
  • Ноокат – 181,69 сомго же 2,4%.
  • Токмок шаарында 184,73 сомго же 4,9% өскөн.
  • Баткен шаарында көмүрдүн баасы 667,89 сомго же 8,6%га.
  • Токтогулда187,51 сомго же 3,9%га төмөндөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости