www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Игорь Чудинов деген эргул бар эмеспи. Кезинде Өкмөт башчылык креслого чейин жеткен. Качкын ажо «КурСалиевичтин» баласы Максимдин этегине эрмешип жүрүп бизнес түптөгөн. Борбордогу кызарган жердин баарын басып алган кызыл кулак соодагер. Бир гана борбордо эмес, тиги Ысык-Көл, Караколго чейин бизнесинин бучкагын чойгон. Бир учурда мунун да башына кара булут айланып, иш козголгон эле. Жер «махинациясы» боюнча. Тилекке каршы Игорь «браттын» капчыгы калың болуп, бардык органдарды сатып алып, өзү айып пул менен гана кутулуп кеткенине али күнчө таң калып бүтө албай келебиз. Эми эң кызыгы «чудолору» чубалган Чудинов быйылкы жылы өтө турган парламенттик шайлоого аттанууга ниеттенип, эмитен даярдыкты катуу баштаптыр. Буларда бет деген жок экен да...

Булак: “De-facto”

 

Последние новости