www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргыздын алтыны кыргыздын экономикасын көтөрүп, элди жакырчылыктан чыгарсын», - деди бүгүн, 26-майда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Уран Рыскулов.
- Уран мырза, «Центерра» менен соттошсок утулуп калабызбы? Алдын ала эле утулуп калабыз деп коңгуроо кагып, элдин башын айланткандар чыга баштады го?
- Эгер экологиялык жагына басым кылсак, бийлик аягына чейин турса, позициясын өзгөртпөсө, сатылбаса утабыз. Эгер сатылса, мурдагы бийликтегилердей болуп, сот болуп бирок, утулуп калгандай абалга кептелебиз.
Негизи «Центерра» Кыргызстанга кан менен келген. Кумтөрдү «камёкага» бериш үчүн премьер-министр Насирдин Исанов өлтүрүлгөн. Кыскасы, алар кен казуу ишин чоң афёра, чоң кылмыш менен башташкан.
- Башында эле колдорун кан кылса, эми жөн эле чыгып кетеби же Кыргызстанга баш ооруу жаратышабы?
- Премьер-министрдин ажалы менен келген кишилер эми жөн кетпейт. Буларды калган алтын да уктатпайт. Ошону алып кетиш үчүн түрдүү жолдор менен кубулушуп, өңдөрүн өзгөртөт. Ошон үчүн баарына сак бололу, жок дегенде бу сапар алданбайлы, «Центерранын» кишилерин Текебаев сунуштаган улутташтыруу долбоорундагыдай кылып, директорлор кеңешине мүчө кылып албайлы. Кыргыздын алтыны кыргыздын экономикасын көтөрүп, элди жакырчылыктан чыгарсын. Кумтөрдүн пайдасын өңгөлөр эмес, өзүбүз көргөндөй бололу. Шашылыш чечим кабыл алып, калпыстыкка жол берип албайлы.
- Текебаев «Кумтөрдү» улутташтырабыз деген маселе көтөргөндө башка максатты көздөдү беле?
- Ооба алар улутташтыруу деген маселени көтөрүшкөнү менен түпкү максаты башка болгон. Маселен, 2012-жылы Садыр Жапаров башында турган парламенттик комиссия Кумтөр маселесин көтөргөндө «Ата Мекен» фракциясы колдогон эмес.
Тагыраагы, «Ата Мекен» фракциясынан Ширин Айтматовадан башкасы залдан чыгып кеткен. Ширин Айтматова Кумтөр боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болгону үчүн аргасы жок залда калган. Таң калганым Текебаев ошол мезгилде улутташтырыш керек деген Садыр Жапаровду колдобой, эки жылдан кийин өзү көтөрүп чыккан.
Ошондой эле, Текебаев улутташтыруу маселесин көтөргөндө «Центерранын» директорлор кеңешинин курамын которобуз деп 11 кишинин тизмесин берип, «үчөө биздики, сегизи чет мамлекеттики» деген. Эң кызыгы, Кыргызстандын алтынын чет мамлекеттен келген компания жеп, ичип талкалап жатат деп 8 чет мамлекеттикти тизмеге киргизгени таңг калыштуу болгон.
Ошондо «Ата Мекен» фракциясы сунуштаган 8 чет мамлекеттиктин тизмесин кайдан алышкан жана ал чет мамлекеттиктер Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт деп ишенсек болобу деген күмөн саноолор жаралган. Анткени, ошол жылы «Ата Мекен» партиясынын квотасы менен премьер-министрликке Жоомарт Оторбаев келген.
Булар Жоомарт Оторбаевдин колу менен улутташтырабыз деген афёраны ишке ашырабыз деп ойлошкон. Бирок, максаттарына жетпей калышкан. Бу сапар да Текебаевдин сценарийине окшогон сценарийи ишке ашышына жол бербешибиз керек.
Булак: NazarNews.kg