www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Чек ара жаңжалында күйгөн май куюуучу жай Ташиевдики эмес

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, чек ара жаңжалы учурунда күйүп кеткен май куюуучу жайлардын бири Камчыбек Ташиевге таандык болгон деп жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Комментарийде материалдарда көрсөтүлгөн «Томас жана Ко» компаниясы К.Ташиевге 2016-жылга чейин гана таандык болгону айтылат.

«Бул билдирүүлөр чагымчыл адамдар тарабынан атайылап жайылтылып, атайын кызматтын жана УКМК жетекчилигинин ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын жарандарына туура эмес маалымат таратып жатышат. УКМК билип туруп жалган маалымат таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет», — деп берилет маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости