www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттик администрациянын чыгымы кыскарбай, 800 миллион сом бойдон калганын сындады.
Бул тууралуу ал 25-майда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин отурумунда айтты.
"Экономиканын деңгээли 9,8%ке түштү. Донорлордон алган акча да бизге жардам бере албады. Коронавирустан эч кандай сабак алган жокпуз. Билим берүүнүн сапаты онлайн режимден улам өтө төмөн деңгээлге түштү. Дары-дармек менен камсыздоо колго алынган жок. Вирус менен күрөшүү үчүн курулган инфекциялык оорукананын жаңы имараты кычкылтек станциясы менен камсыз болгон эмес. Үнөмдөөнү үйрөнгөн жокпуз. Мамлекеттик маалымат каражаттарына 600 миллион сом, президенттик аппаратка жылына 800 миллион сом короп жатат".
Бекешев бул пикирин Экономика жана финансы министринин орун басары Султан Ахматовдун отчетунан соң айтты.
Ахматов отурумда донорлор пандемияга каршы күрөшкө 374,9 млн. доллар каражат (5,5 миллиард сом) бөлгөнүн, анын 3,8 млрд. сому бюджетти колдоого кетип, калган 1,6 млрд. сомуна "Тез жардам" унаалары жана жаңы медициналык жабдуулар алынганын маалымдаган.
Буга чейин Садыр Жапаров бийликте оптималдаштыруу болорун, чыгымдар кыскарарын билдирген эле.
Булак: NazarNews.kg