www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урмат Акунов: "Актанганга али эрте..."

Ишемби күнү, 15-декабрда Транспорт жана жолдор министри ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу коомчулукта ар кандай кептер айтылып келет. Орун басары Азимкан Жусубалиев 500 миң АКШ доллары пара алып жаткан жеринен кармалган. "Тоок урдагандар тор артында отурат, ал эми тоодой жегендер - тойдо отурат" демекчи, ушундай пикирлердин бирин назарыңызга коебуз.

Урмат Акунов, активист:

"Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кеткендигине өзүнүн моралдык күнөөсүн кеч сезди жана бул адам президенттин астында коргоо кеңешинин жыйынында сабак билбеген окуучудай туруп, ошол жерде Кыргызстанды өнүктүрүүчу жана келечекке жооп берчү эң чоң министрликти жетектеп туруп биринчиден, акча алууга жол бергендиги, экинчиден жолдордун сапатсыздыгы, үчүнчүдөн, карыз алынган гранттык акчалар сапатсыз жолу бизде калып, акча кирешеси ошол эле кытай компанияларына агылып жаткандыгы жана да бул жолду Атамбаевдин кадрлары жана баюунун бир схемасынан келген үлуштөрдү коргоп отургандыгы, ошол орунда акыркы Сооронбай Шариповдун жеме жеп, кыргыз журтчулугунун астында шерменде болгонго чейин тырмышып отуруп алгандыгы бул биринчиден, адамдык сапатка дагы туура келбейт.

Эгер бул адам өзүн ушундай эле моралдык укугун сезип тааныса, абийир алдында таза болом десе, жол тармагында кандай схемалар айтылгандыгы жана Түндүк-Түштүк жолундагы аткезчилик болгондугун, чет өлкөдөн алып келинген гранттарга кайсы аткаминерлер көзөмөлдөп үлүш алып келгенден ачык жарыялап орун басары алган акчаны канча суммасы кандай бөлүнөөрүн моюнуна алып, күч органдары Зилалиевдей кылып, үйүн текшертпестен, ячейкаларды бастырбастан арамдан тапкан акчасын көтөрүп алып жана моралдык күнөөсү бар экендигин моюнуна алып, тергөөгө өз ыктыяры менен өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн тарых астында таза жана жооптуу болуу үчүн суракка барып жооп берсе, бул адамды кечирет. Болбосо, "бийликтин укуругу узун", - дейт.

Бүгүн актанганы менен эртең таза бийлик болсо, бул кишинин ичкен-жегенин билинет. Ошондо гана бул адам кандай экенин көрөбүз..." - дейт Урмат мырза.

Белгилей кетсек,  Калыкбек Султановдун коомчулукта айтылып келген "жол курулуш капчыгы" деген каймана ат менен белгилүү. Баарынын үстүндө башкарып отуруп, Кыргызстандын келечегин талкалап койбойбу деген ой келет. Аталган министрликтин байкоо Кеңешин да кайрадан карап чыгып, бул кеңешти кайра түзүү керектиги учур талабы. Чиелешкен коррупция бутактарын түп тамырынан кыркып, муну мисал катары көрсөтүү керек.

Последние новости