www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеӊеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин демилгеси менен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө арналган парламенттик угуу өттү. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө айрым айылдарда айыл өкмөт башчыларына атайын уюшкан арызчылар тобу бар экени, алар байма-бай арыз жазган учурларда айыл өкмөт башчыларынын иштөөсүнө кедергисин тийгизип жаткандыгы айтылды. Ошону менен катар арыздардын реестрин түзүлсө деген дагы пикир ортого түштү. Анткени кайра-кайра арыз жаза бергендердин жоопкерчилиги дагы каралса дейт парламенттик угуунун кайрым катышуучулары.
Айрым айыл өкмөт башчылары айыл өкмөттөрдүн бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгүн талдоого алып, кайсы мыйзамдар көп бузулуп жаткандыгын аныктап, аларды болтурбай коюуга мүмкүн болот беле деген маселени анализдеп чыгуу зарылдыгын белгилешти. Мындан сырткары, айылдык кеңештин төрагасына жана катчыга эмгек акы чегерүү сунушталды. Мындай демилге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин сапаттуу болушуна өбөлгө болот эле деп чечмеленди.
Жыйынтыгында парламенттик угуунун катышуучулары тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, тармактык комитетте каралмай болду деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg