www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 200 чамал накта генерал жана миңден ашык генералга тете чин алгандар бар. Депутаттардын бардыгы генералга тете чин алышат. Тилинин салмагы мегатонна Рыскелди Момбеков генерал эмес болуш керек. Эгер анын тилинен уу эмес, бал таамп турса, эмгиче маршал деле болуп кетмек. 1, 2, 3 - класстагы же 1, 2, 3 - рангдагы мамлекеттик кеңешчи деген наам генерал-майор, генерал-лейтенант, генерал-полковникке тете. Бул наамдар жогорку кызматта иштеген аткаминерлерге өкмөт башчыларга, спикерге, депутаттарга, министрлерге, мэрлерге, дипломаттарга, губернаторлорго, юстиция органдарында, сот системасында, Салык кызматында жана прокуратурада иштеген адамдарга берилет. Жакында президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Баткен облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев генерал-полковник же 1-класстагы мамлекеттик кеңешчи чинин алды. Уруу болсоң генерал-полковникке, сулуу болсоң «мисске» жетесиң.

Зоот жегендер тамакка, тоок жегендер камакка

Өмүрбек Суваналиев Тогуз-Торону мыкчыган чоң атка минердин балмуздак жеген эрке баласы болгон. Тогуз-Торо да касиеттүү жер. Ал жер Кыргызстан эгемендүүлүктү алгыча Нарын облусуна кошулуп турган. Москвадан камсыз болуп турган аймак болгон. Тамактын даамдуусу, арзаны Тогуз-Торого агылып турган. Кыргыздар арзан, даамдуу тамак жейбиз деп жол азабына карабай ошол жакка барып соода кылышчу. Ушундай берекелүү жер 1991-жылдары Жалал-Абадка кошулуп Курманбек Бакиев, Азим Карашев сыяктуу адамдар иштеп кеткен. Өмүрбек Суваналиев да Казарманда окуган. Капыстан эле «Московское обеспечениеде» турган дүкөндө шоколад, конфет, вино, кильки сыяктуу даамдуу тамактар жоголо баштайт. Өмүрбек Суваналиевдин атасы коопсуздук кызматкерлерин чакырып ууруну кармоо жөнүндө буйрук берет. Райондун милиция кызматкерлеринин колунан пок да келбей, Нарындан «тыңчы» алып келишет. Бул кудай урган дасыккан тыңчы болгон экен. Мектептерге барып жогорку класстардын окуучуларын тизип, ооздорун жыттай баштайт. Өмүрбек Суваналиевдин оозунан шоколад, кильки, вино жыттангандан улам, аны катуу суракка алып, Өмүрбек Суваналиев дүкөнгө ууруга кирип ар кандай даамдуу азык-түлүктөрдү уурдап, мектепке жакын жерге катып, танапис убагында чыга калып кыйтылдата жеп турчу экен. Бул тыңчы атасына сүйүнчүлөп барат, мен кармадым деп, өзүнүн уулу дүкөндөрдү уурдап жүргөнүн угуп, акыры кызматынан качып, Тогуз-Тородон кеткен деген сөз бар.

Контрабанданын уюгу Лейлектен көрүнөбү?

Улукбек Кочкоров деген акыйкат дегенде асманды сүйлөгөн экс-депутат бар. Сох анклавы дегенде солкулдап ыйлап жиберет. Башка депутаттар өз капчыгын ойлошуп Атамбаев президент кезинде эптеп киришсе, Улукбек Кочкоров Сох анклавынын тагдырын ойлоп, ушул маселени чечүү үчүн президентке кирет. Атамбаев Каримов өлсө эле мен барын жайгарам деген, муну уккан Каримов да кекенип турган. Ушундан соң Атамбаев аны куугунтуктап 2015-жылы парламентке өтүүгө тоскоолдук жаратат. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Улукбек Кочкоров элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп Атамбаев алдыга сүрөп турган талапкерди аңтарып койо таштайт. Сооронбай Жээнбеков анын максаттарын, программасын билген соң, колунан иш келген жигит экен деп министрге чейин көтөргөн. Улукбек Кочкоров Лейлектин кулуну болгон соң Тажикстанга кетип бараткан контрабанданын уюгун таамай билет. Ал эмес ошол тарапта тажиктерге кеткен жер алдында өтмөк жол бар экенин да билсе керек. Тажикстанда күйүүчү май 67 сомго чейин чыгып, дефицит жаралганын айрымдар жазып чыкты. Кыргызстан дагы дефицит жаралбаш үчүн контрабандалыкты токтотуш керек деген пикирлер айтылууда. Анткени Баткен облусу аркылуу коңшулаш Тажикстанга күйүүчү май контрабандалык менен өтүп жүргөнү көп жылдан бери айтылып келүүдө. Контрабандалыкты токтотуу Баткен губернатору генерал-полковник Суваналиевдин колунан келеби?

Лейлек району үч мамлекет тутумдашкан, көптөгөн улуттар кылымдардан бери аралаш орун-очок алышып, Ворух,Сох сыяктуу анклавдар жайгашкан жер. Кыргызстан Бажы Биримдигинин же ЕАЭБнин мүчөсү, Шавкат Мирзиёев Өзбекстан ЕАЭБге кирбей турганын билдирди. Тажикстан да ЕАЭБде жок. Арийне, бул мамлекеттердин айыл чарба азык-түлүктөрү коррупциялык жол менен ЕАЭБдин мүчөсү Кыргызстанга жамынып, ЕАЭБдин башка мүчөлөрү Орусия, Казакстанга дүңүнөн коррупциялык жол менен өтүп жатканы өткөн жылдары маалым болгон. Муну менен катар Орусия, Казакстандан Кыргызстанга келчү арзан мунайзаттар кыргыздын салып койгон асфальт жолдорун талкалап, контрабандалык жол менен Лейлек аркылуу Тажикстанга өтүп жатканы да жалган эмес.

Борбор Азияда Казакстан,Өзбекстан,Түркмөнстан газ, мунайзатка бай мамлекеттер. Суу энергетикасына өтө бай Кыргызстан, Тажикстан газ, мунайзат алууда башка мамлекеттерге көз каранды. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, ошондуктан Бажы Биримдигинде жеңилдиктерди пайдаланышып, товарларды, анын ичинде мунайзатты арзан баада алат. Икрамжан Илмиянов мамлекеттик рулду башкарып турганда Тажикстан менен чектеш аймактарда, айрыкча Лейлек районуна өзүнүн ишенимдүү адамдарын коюп келген. Илмиянов ишенген мыктылары мунайзатты ЕАЭБ мамлекетеринен арзан баада сатып алышып, ЕАЭБде жок Тажикстан сыяктуу мамлекеттерге контрабандалык жол менен кымбат баада сатып келишкен. Кызыгы, Икрамжан Илмиянов кылмыш иштери менен көп жылга кесилип кетсе да, анын ишенимдүү адамдары тиешелүү жерлерди жетектеп турат. Эмне Субаналиевдин Илмияновдун контрабандаларды уюштурган адамдарга алы жетпейби? Мындай адамдар Лейлек районун жетектеп турганда контрабандалык жол менен Тажикстанга өтүп жаткан мунайзат токтоду деп айтыш эртелик кылат. Мунайзатка болгон баалардын кымбатташы күйүүчү майды толугу менен Орусиядан импорттогон Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдү өтө кыйын абалга кептеди. Кыргызстанда жумушу бар эсептелгендердин 20 пайыздайы дыйканчылык менен алектенет. Жазгы талаа жумуштары башталаар алдында баалар кескин өсүп кетти. Ага кошул-ташыл болуп азык-түлүккө баалар дагы өсүүдө. Муну расмийлер импортко көз карандылыктан улам деп түшүндүрүп келүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости