www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊеште алименттик милдеттенмелердин аткарылышын ыратташтырууга багытталган “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Максат Сабиров.
Демилгечинин айтымында, 2017-жылы “Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жаӊы мыйзам ишке киргизилип, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү тууралуу жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамы күчүн жоготкон. Ошондон улам, жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер менен толуктоо зарылдыгы келип чыкты. “Мыйзам долбоору менен сот аткаруучуларынын укугу, карызкорлордун маалымат базасын түзүү боюнча милдет, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү айрым бир толуктоолор киргизилүүдө”, - деди Максат Сабиров.
Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар алимент төлөбөгөн адамдардын көбү Россияда качып жүргөнүн белгилешип, аларды издөө жолдоруна кызыкты. Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов ушу тапта алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланганын билдирди. “Адегенде жарандар бизге арыз менен кайрылышат. Минск конвенциясынын жоболоруна ылайык, Биз Россияга кат менен кайрылып, анын жообун алабыз. Эгерде ал иштеп жатса, эмгек акысынын бир бөлүгү алиментке кармалат. Ал эми ал адам иштебесе, анда анын алименттик карызы топтоло берет”, - деди ал.
Булак: NazarNews.kg