www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эски борбордук аянтка Усубалиевдин аты ыйгарылыптыр. Усубалиевдин бир кылымдык жашоосун барактап, тарых музейинин курулуш тарыхына, аны куруудагы Усубалиевдин эмгегине токтолууну туура көрдүк. Кезинде Ленинге арналып курулган музейдин экспозициясын Кыргызстандын байыркы доордон азыркы мезгилге чейинки тарыхын чагылдырган 100 миңден ашуун экспонаттар бар бул музей акыркы мезгилдерде өрттөнүп, кайра кымбат баада курулуп элдин оозунда турган кези. Кыргызстандын таш доорунан берки тарыхын чагылдырган “Эң байыркы жана байыркы Кыргызстан”, “Кыргызстан орто кылымдарда”, “Кыргызстан XVI–XIX-кылымдардын ортосуна чейин”, “Кыргызстан совет доорунда” деген бөлүмдөрдүн экспозициялары каралды.

Музейдин курулуш тарыхын Турдакун Усубалиев көп жазар эле: “Ошол кездеги саясатты жакшы билесиңер. Ал кезде республикалык орчундуу маселелер КПСС Борбордук Комитетинде, СССРдин Өкмөтүндө, Союздук органдар тарабынан чечилчү. Алардын макулдугусуз өз алдынча чоң курулуштарды курууга катуу тыюу салынган”, - деген Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиев. 1970-жылдардын аягында Кыргызстандын Борбордук аянтын куруу маселеси жөнүндө көп ойлонгонун, орчундуу маселени чечүү үчүн Москваны ынандыруунун, макулдук алуунун жолдорун издегенин айткан. Акыры Борбордук аянтты куруу планын ишке ашырууга кыргыз элине эркиндик, мамлекеттүүлүк алып берген Владимир Ильич Лениндин ысымын пайдалануу керектигине токтолгом, - деп жумшак жылмайган. Ал Лениндин ысымын пайдаланып, биринчи кезекте КПСС БКнын башкы катчысы Л.И.Брежневдин макулдугун алуу керек эле. Адегенде Борбордук аянттын планын дыкааттык менен иштеп, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинде бекиттик. СССРдин жогорку бийлигинин көңүлүн буруу үчүн Борбордун көрүнүктүү жерине В.И.Лениндин эстелигин орнотуп, анын арт жагына Лениндин Москва шаарындагы Борбордук музейинин филиалын курууну пландаганбыз.

Мындай тактиканы колдонбосок, биздин борбордук аянт куруу жөнүндөгү максатыбыз ишке ашмак эмес, - деп жазган Турдакун Усубалиев. Ал максатты ишке ашыруу оңойго турбагандыгын, КПСС БКнын кезектеги пленумдарынын биринен кийин Л.И.Брежневдин кабыл алуусунда болгонун, бул жолугушууда сөздү борбордук аянт куруудан эмес, Фрунзеде Москвадагы В.И.Лениндин борбордук музейин курууга уруксат суроодон баштаганын, бул музей эл достугун чыңдоого, элди интернационалдык рухта тарбиялоодо чоң роль ойноорун айтып, айнып кетпесин деп, музей толук бойдон республикалык бюджеттин эсебинен курулат деп баса белгилегенин айткан эле. Ошол жолугушууда Л.И.Брежнев Турдакун Усубалиевдин сөзүнө ынанып, сунуш жакканын, бул сунушту талкуудан өткөрүү ишин КПСС БКнын катчысы К.У.Черненкого тапшыраарын айткан экен. “Муну укканда мен ичимден кымыңдап сүйүндүм эле”, - дейт Турдакун Усубалиев. Анткени ал К.Черненко менен КПСС БКнын аппаратында коңшу кабинеттерде он жылдай чогуу иштеп, өтө ысык мамиледе экен. Л.И. Брежневден чыгып түз эле К.У.Черненкого кирип иштин жайын түшүндүрсө, ал бул ишти оң жагына чечилишине жардам берем дептир. Көп узабай эле 1981-жылдын май айында К.Черненконун колу менен Фрунзе шаарында В.И.Лениндин Москвадагы музейинин филиалын куруу жөнүндө КПСС БКнын секретариатынын токтому чыгыптыр.

“Ошондогу кубанычыбызды айтпа", - деген Турдакун Усубалиев. Демилгени колдогону үчүн Л.И.Брежневге ыраазычылык кат жөнөтүп, анда музейдин сметалык баасы 5 млн рубль тураарын белгилеп, СССРдин Мамлекеттик пландоо комитетинин 1982-жылдагы курулуш боюнча планына киргизүүнү өтүнөт. Ошол эле катта Фрунзе шаарында В.И.Ленин атындагы китепкана курулганы жатканы, анын баасы 2,9 млн рублди түзөөрү жазылып, планга киргизип берүүнү сураныптыр. Бир катар талкуулардан кийин Кыргыз ССРинин жетекчилигинин сунуштары жактырылып, Фрунзеде В.И.Ленинге эстелик орнотууга, В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалын жана Ленин атындагы борбордук китепкананы курууга уруксат берилип, планга кирип, бул ишти Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгы белгилене турган 1984-жылга карата бүтүрүү жөнүндө СССР Министрлер Советинин чечими чыгат.

Ушундан кийин В.И.Лениндин музейинин филиалын, анын шарапаты менен Кыргызстандын борбордук аянтын куруу иши чоң шыктануу менен башталат. Бул имараттардын курулушун Т. Усубалиев өтө тыкыр көзөмөлдөгөн. Ал ошол жылдары иш убактысынын көбүн кабинетинде эмес, курулуш жүрүп жаткан жерлерде өткөргөн. Курулушчулар аны өздөрүнчө “прораб” деп атап алышкан экен. Бул масштабдуу иш аяктап калганда Москвадан курулуш иштерин токтотуу жөнүндө кабар келет. Буга СССР Министрлер Советине Кыргызстандан барган тоголок кат себеп болуптур. Бул катта Кыргызстан үчүн “күйгөн” бирөө (анын ысымын эскербей эле коёлу): “Фрунзе шаарында турак жай жетишпей жатса, Т.Усубалиев шаардын борбордук бөлүгүндө жаңы эксплуатацияга берилген төрт кабаттуу үйлөрдү буздуруп, В.И.Лениндин музейин курам деген шылтоо менен чоң аянт салдырып жатат. Эмгекчилерге курула турган турак жайдын акчалары аянт курууга чыгымдалууда. Турдакун Усубалиевдин бул кылмыштуу ишин токтотуп, жоопко тартуу керек”, - деп жазыптыр. Тоголок каттын кесепетинен кызуу жүрүп жаткан иш кадимкидей солгундаган. Турдакун Усубалиев ошол кездеги Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы А.Дүйшеев экөө СССР Министрлер Советинин төрагасы Н.А.Тихоновго, андан кийин КПСС БКга кат жазышат. Анда КПСС БКнын 1981-жылдагы токтому боюнча В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалы Фрунзе шаарында курула баштап, азыркы учурда имарат толук тургузулуп, чатыры жабылганы, эми негизинен жасап-түзөө иштери гана калганы, бул иш үчүн Кыргызстандан чыккан гранит, мрамор таштары пайдаланылаары, аларды иштетүү үчүн таш заводу бар экендиги, филиалды курууга республикалык бюджет сарпталып жатканы, турак жай курулушу план боюнча жүрүп, үзгүлтүккө учурабаганы, республиканын эмгекчилери музейдин курулушун чоң ынтызарлык менен колдоп, ишембиликтерди уюштуруп, акча каражаттарын которуп жатканы, бул курулуштун тарбиялык мааниси өтө чоң экендиги баса белгиленген. Аракет үзүрүн берип, СССР Министрлер Совети филиалды курууну токтотпой, улантуу жөнүндө атайын чечим кабыл алган. Ошентип, 1981-жылдын октябрь айында башталган курулуш 1984-жылы октябрда Кыргыз ССРинин жана Кыргызстандын Компартиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата бүткөрүлүп, чоң окуя катары салтанаттуу ачылган.

Жыйынтыктап айтканда, Турдакун Усубалиевдин өжөрдүгү болбосо кыргыз элинин сыймыгы болгон борбордук Ала-Тоо аянты 1980-жылдары курулмак эмес. Эгемендүүлүктүн өткөн жылдарында мындай аянтты кура алат белек? Бул да чоң маселе. Ошол кезде курулган кубаттуу ГЭСтерди, 150дөн ашуун завод-фабрикаларды, жол курулушундагы, социалдык, маданий турмуштагы жетишкендиктерди айтпаганда да Турдакун Усубалиевдин “Ала-Тоо” аянтын куруудагы эмгегин татыктуу баалоого милдеттүүбүз.

Булак: NazarNews.kg,

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ.

Последние новости