www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматын 10 жылдык юбилейи менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 25-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев  Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада окуду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим! Быйыл Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүлгөнүнө 10 жыл толду. Баарыңыздарды ушул юбилей менен кызуу куттуктайм! Бул мезгил ичинде Мамлекеттик каттоо кызматы татаал жолду басып өтүп, калктын бирдиктүү реестрин тескеген, көрүнүктүү мамлекеттик органдын бирине айланды. Маалыматтарды эсепке алууну автоматташтырып, элге кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү системасын түздү. Жарандар төрөлгөндөн тартып, жашоосунун аягына чейинки негизги маалыматтар камтылган бирдиктүү маалыматтар базасын калыптандырды. Элге ыңгайлуу кызмат көрсөтүү аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматы — калк менен өтө тыгыз иштеген мамлекеттик орган болуп калды. Каттоо кызматы калкты биометрикалык каттоо боюнча улуттук өнөктүктү жүргүзүү иштерине олуттуу салым кошту. Шайлоочулардын сапаттуу электрондук тизмесин түзүү менен өлкөбүздө демократияны өнүктүрүү ишине чоң көмөк көрсөттү. Каттоо кызматы мындан ары кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын туруктуу жогорулатууга, республиканын бардык региондорунда Калкты тейлөө борборлорун жайгаштырууга, санарип технологияларга негизделген тейлөө моделин киргизүүгө тийиш. Каттоо кызматынын эмгек жамааты мамлекеттик каттоо системасын андан ары өркүндөтүү, жаңы инновациялык ыкмаларды киргизүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча маселелерди ийгиликтүү чечет деп терең ишенем. Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери, сиздерди дагы бир ирет 10 жылдык мааракеңиздер менен куттуктайм!

Баарыңыздарга ден соолук, узун өмүр, бакты-таалай каалайм! Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жасап жаткан ишиңиздер ийгиликтүү болсун!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости