www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын борбору Киев шаарынын мэри, айтылуу боксчу Виталий Кличко эл менен болгон жолугушуулардын биринде ага журналисттин ыңгайсыз суроо бергендиги үчүн ачууланып, анын тартып жаткан телефонун чаап жиберген маалымат видеосу менен бирге тарады.

Видеону «Стопкор» аттуу коррупцияга каршылык көрсөтүү кыймылы боюнча коому Фейсбуктагы баракчасына 22-октябрда жарыялаган.

Андагы маалыматка ылайык, окуя украин аткаминерлеринин Соломен районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда орун алган.

Видеодо айланасында курчап турган жашоочулар ага суроолорду берип жатканын, арасында турган журналисттердин бири ага Киевдеги мыйзамсыз курулуштар боюнча суроо бергенде, колуна кагазды бекем ороп жаткан Кличко анын телефонун чаап жибергенин көрүүгө болот.

Кийин кадрдагы журналист Кличко анын өзүн да чаап жибергени тууралуу маалымат тараткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости