www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адистер тамак-аштагы бактериялар жайында бат эле эселеп көбөйүп кетерин эскертет.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Эгерде тамакты муздаткычка салбай бөлмө температурасында калтырып койсо, анда стрептококк, сальмонелла энтеритидис жана кампилобактерия эселеп көбөйүп кетет. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасы жазды.

"Батериялар абанын температурасы 5тен 60 градус ысык болгон маалда 20 мүнөт ичинде эле эки эсе көбөйүп кетет. Температуранын бул диапазону абдан коркунучтуу", — деп айтылат маалыматта.

Андыктан адистер тамак-ашты бөлмө температурасында эки сааттан ашык, ал эми 30 градус ысыкта бир сааттан көп кармоого болбой турганын эскертишет.

Ал эми кээ бир оокатты жайдын күнү үйдөн эле жеген оң. Адистер пляжга алып барууга болбой турган тамактарды төмөнкүдөй тизмектеген:

Колбаса

Ышталган тоок, колбаса кошулган сендвичтерди муздаткычта сактоо зарыл. Ошондуктан пляжга колбаса алып барам десеңиз, тамакты портативдик муздаткычка салып алыңыз, болбосо ууланып калышыңыз мүмкүн.

Жаңы жасалган салаттар

Адистер пляжга жаңы жасалган салаттарды дагы алып барууну сунуштабайт. Себеби жемиштердин кабыгындагы бактериялар тууралганда салат менен аралашып, күндүн ысыгында бат эле көбөйүп кетет.

Майонез кошулган тамактар

Биринчиден, майонездин өзүн муздаткычта сактоо шарт. Экинчиден, майонез кошулган тамак беш градустан жогору болгон температурада турса эки саат ичинде эле ачып кетиши мүмкүн.

Тууралган мөмө-жемиш

Мөмө-жемиштин кабыгындагы бактариялар дагы тууралганда аралашып, ысыкта көбөйүп кетиши ыктымал. Тууралган таттуу жемиштер курт-кумурсканы чакырат.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости