www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарында «Бардык маселелерди диалог аркылуу чечели» деген ураан астында «Консолидация жана диалог кыймылы (КДК)» уюштурган жыйындын

Р Е З О Л Ю Ц И Я С Ы

1. Кыргызстандын активдүү жарандары жана коомчулугу дүйнөдө болуп жаткан бардык согуштарга, куралдуу кагылышууларга каршы экендигин билдирип, согуш менен байланышкан маселелинин баары сүйлөшүү жолу менен гана чечилишин каалайт.

2. Улуттук конгресстин катышуучулары Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго ишеним менен кайрылып, мурда СССРдин курамына кирип, биз менен чогуу бир мамлекет болгон Россия Федерациясы менен Украинанын ортосунда болуп жаткан согушту токтотуу үчүн эки мамлекеттин президенттери менен сүйлөшүү жүргүзүп, аларды тынчтык келишимге кол коюсуна жана согушту токтотуусуна таасир этүүсун суранат. Бишкек – тынчтык сүйлөшүүлөрдүн эл аралык борборуна айлануусу керек.

«Консолидация жана диалог кыймылынын (КДКнын)» төрагасы Турсунбек Акун
3. Акыркы убактарда сот жана укук коргоо органдары тарабынан адам укугу одоно бузулуп, оппозициялык көз караштагы жарандар негизсиз камалып, тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынып, өз пикирин эркин билдирген жарандарга куугунтук уюштурулуп, өлкөдөгү абал демократиялык багытыбыздан тайып, көп учурда мамлекетибиз укуктук чектен чыгып бара жаткандыгын өкүнүү менен билдиребиз.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын президентине кайрылып, адам укуктарынын жана Конституциянын сакталышынын кепили катары Конституциянын жана мыйзамдардын бузулушуна көңүл бөлүп, тиешелүү жыйынтык чыгарышын талап кылабыз.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн өкүлчүлүк, көзөмөл жана мыйзам чыгаруу милдетин кыйшаюусуз аткарып, өлкөдөгү адам укугунун корголушу, демократиянын өнүгүшү жана сөз эркиндигинин сакталышы үчүн катуу талаптарды коюп, мамлекеттик, сот жана укук коргоо органдарынан бул багытта тийиштүү маалыматтарды жана отчётторун алсын.

«Кыргызстандын жашылдар партиясынын» жетекчиси, адвокат Эркин Бөлөкбаев

Адам укугун жана эркиндигин бузган мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына баа берилип, чечкиндүү чаралар көрүлүп, мыйзам чегинде чечимдер чыгып, алар аткарылсын. Акыйкатчы институтунун ролун күчөтүп, адам укугун жана эркиндигин коргоодо Акыйкатчынын чыныгы көз каранды эместигин камсыз кылуучу мыйзам кабыл алынсын.

5. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде адам укугун жана сөз эркиндигин одоно бузуп, мыйзамдардын талаптарын аткарбаган тийиштүү министрлердин, башка да жооптуу мамлекеттик жетекчилердин маалыматын жана отчётун угуп, алардын аракетине баа берип, мыйзам негизинде тийиштүү чаралар көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту адам укуктарын жана эркиндиктерин бузган, сөз эркиндигин тебелеген, тынч жыйындарды өткөргөн адамдарга карата мыйзамсыз чечим кабыл алган соттордун ишин карап, аларга тиешелүү баа берип, мыйзам күчүн пайдаланып, алар тууралуу коомчулукка маалымат берсин.

Адвокат Акин Токталиев

7. Кыргыз Республикасынын Баш прокуратурасы өзүнүн көзөмөл функциясын так аткарып, мыйзамдардын так жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлгө алып, Жогорку Кеңештеги жылдык отчётунда адам укугун жана эркиндигин одоно тебелеп жаткан мамлекеттик органдарды жана кызмат адамдарын депутаттар менен коомчулукка ачык айтып, аларга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлсүн. Баш прокуратуранын жооптуу кызматкерлеринин өздөрү мыйзамсыз, шектүү жана кылмыштуу иштерге аралашкан фактылары ачыкка чыгып, катуу чара көрүлүп, аларга тиешелүү жаза каралсын.

8. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Конституция жана мыйзамдарды одоно бузуп, адамдардын укугун жана эркиндигин тебелеп, өз укугу үчүн эркин күрөшкөн жана өз ой-пикирин эркин билдирген жарандарды негизсиз кармап, мыйзамсыз камакка алуусу токтотулсун.

9. Буга чейинки өткөргөн жыйындарда Кемпир-Абад окуясына байланыштуу 30га чукул адам камалып, адам укуктары одоно бузулуп, соттор жана тартип коргоо органдары Конституциянын талаптарын одоно бузуп жаткандыктары боюнча тиешелүү резолюцияларды кабыл алып, президентке, Жогорку Кеңешке, министрлер кабинетине кайрылган элек.

Бирок ушул убакка чейин биз кабыл алган чечимдерден иштиктүү жыйынтык чыкпай жаткандыгы өкүнүчтүү жана жарандар чогулуп кабыл алган чечимге бийлик кош көңүл жана кайдыгер мамиле жасап жаткандыгын өкүнүү менен билдиребиз.

Саясий туткундардын укугун коргоо комитетинин мүчөсү Гүлхан Бөрүбаева

10. Адам укуктары менен эркиндиктери сот жана укук коргоо органдары тарабынан одоно бузулган учурларда президенттик администрация, Жогорку Кеңеш, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Жогорку сот, Баш прокуратура буга укуктук баа берип, укуктук экспертиза чыгаруусу керек. Адам укугунун бузулган учурлары боюнча укуктук баа берүү жана объективдүү укуктук экспертиза чыгаруу ишине илимий инсититуттарды, өлкөдөгү илимий коомчулукту да тартуу учурдун талабы.

11. Кемпир-Абад менен байланыштуу башталган сот ишинин жабык өтүп жатышы – мыйзамдардын жана адам укугунун одоно бузулушу. Конституция жана мыйзамдардын талаптарына ылайык, Кемпир-Абад окуясына байланыштуу кармалган жарандардын үстүнөн өтүп жаткан сот ачык өтүшүн талап кылабыз.

12. Эгер мындан кийин да биз сыяктуу жарандардын жыйындарынын кабыл алган талаптары тиешелүү бийлик органдары тарабынан аткарылбаса, анда Адам укуктары боюнча Бириккен улуттардын жалпы декларациясынын 21-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесине ылайык, кыргыз жарандары мамлекеттик жана коомдук иштерди башкарууга түздөн-түз катышуу укугунан пайдаланып, бийлик органдарына катуу талаптарды коюп, алардын иштерине жалпы жарандык көзөмөлдү күчөтүүгө бардык аракеттерди көрөөрүбүздү билдиребиз.

«Консолидация жана диалог кыймылынын (КДКнын)» төрагасы Турсунбек Акун

13. Быйыл 26-октябрда Диалог жана Консолидацияга багытталган Улуттук конгресс өткөрүлүп, ал жыйынга президентти жана башка жогорку даражалуу кызмат адамдарын чакырып, кыргыз бийлигинин алдына өлкөдөгү демократиянын, адам укугунун жана сөз эркиндигин абалынын жакшырышы боюнча катуу талаптар коюлсун. Улуттук конгресстин ишине Кыргыз Республикасынын чегинде иштеп жаткан бардык башка мамлекеттердин элчилери, эл аралык уюмдардын, дүйнөлүк өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү чакырылсын.

Резолюция «Консолидация жана диалог кыймылынын (КДК)» жыйынынын катышуучулары тарабынан кабыл алынды.

25-сентябрь, 2023-жыл

Последние новости