www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шымкент полициясы көп кабаттуу үйдүн кире беришинде аялды зордуктоого аракет кылган деп шектүү жаранды кармады.

“Офицерлер кол салган адамдын өздүгүн аныктоо үчүн бир катар чараларды көрүшкөн”,- деп 21-декабрда Ички иштер министрлигиндеги онлайн брифингде департаменттин расмий өкүлү Нурдилда Ораз билдирди.

“Кечээ тергөөнүн жүрүшүндө - ал 1985-жылы туулган жергиликтүү жаран болуп чыкты. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү жабырлануучунун чөнтөгүнөн сегиз миң теңге акчасын да уурдап кеткендиги аныкталды. Айып тагылгандан кийин ал күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Маалыматка ылайык адам сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”, - деди Нурдилда Ораз.

Адис белгилегендей, дайындалган экспертизалардын жана тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Аталган окуя: Шымкент шаарында пенсионерди зордуктоо аракети турак үйдүн кире беришине орнотулган видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Үрөй учурган окуя 17-декабрда саат 23: 15те болгон.

Кийинчерээк кире бериште жаракат алган аял ооруканага жатуудан баш тартканы белгилүү болгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости