www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия Кыргызстандын айыл чарба азыктарына муктаж

Индия Кыргызстандан чыккан экологиялык таза айыл чарба азыктарына кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев билдирди.

Ал ЕАЭБ менен Индиянын соода-экономикалык кызматташуусунун келечеги жөнүндөгү конференцияга катышкан.

"Индия экологиялык таза продукцияга муктаж. Ал эми бизде бал, кургатылган жемиш, жер-жемиш сыяктуу таза азыктар арбын", — деди Исаев.

Бирок бул товарларды Индияга жеткирүүдө бажы коюмдары кымбат болгондуктан көйгөй жаралып жатканы айтылды. Дагы бир маселе  — бул логистика. Ошентсе да аталган мамлекет Кыргызстан менен Борбор Азиядан жашылча-жемиш алууга кызыкдар.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости