www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан жылына 1 млн 300 миң тонна мунайзат керектейт. Анын 20 % өлкөдө өндүрүлөт. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев жергиликтүү ММКларга берген маегинде билдирди.
"Бизде өндүрүлгөн мунайдын көлөмү аз. Эгерде чектөө киргизип салсак, мунай чыгаруучу жерлер иштебей калат да, экономикага зыяны тийет. Экинчиден, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жаатында бир аз кыйынчылыктар жаралат. Калган мунайзат Орусиядан келет. Ата мекендик өндүрүшчүлөр К-4 жана К-5 өндүрүмдөрүн чыгаруу үчүн жаңы технологиялар керек. Башкача айтканда, өндүрүштү алмаштыруу зарыл. Ал үчүн ири көлөмдөгү каражат талап кылынат. Аларда каражат тартыш, андыктан уруксатты созуп турсаңар деп суранып жатышат. Алардын кайрылуусун карабай койгонго болбойт", — дейт Алыбаев.
Ал Кыргызстан К-2, К-3 үлгүсүндөгү күйүүчү май колдонуп келгенин эскертип, экологиянын булгануусуна сапатсыз бензинден башка факторлор (көмүр, ЖЭБ) таасир этерин белгиледи.
Алыбаевдин айтымында, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, республикада көмүскө экономиканын көлөмү 23.4 %ды түзөт. Ал эми Дүйнөлүк бактын көрсөткүчү боюнча көмүскө экономиканын көлөмү 37 %. Валюта фондунун баалоосу боюнча болсо, 39 %.
Көмүскө экономиканын басымдуу бөлүгү соода тармагына туш келет.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg