www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“MegaCom” уюлдук компаниясынын башчысынын кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.

Компаниянын жетекчисинин жаңы дайындалган кеңешчиси Талас облусуна президенттикке талапкер Садыр Жапаровго үгүт жүргүзүү үчүн кеткени такталды.

Бул маалыматты “MegaCom” уюлдук компаниясынын басма сөз кызматы тастыктады. Компаниянын маалыматы боюнча, Төрөхан Жунусбеков 14-декабрда эмгек өргүүсүнө чыккан.

Буга чейин Жунусбеков Фейсбукка Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусундагы сүрөтүн жарыялап, шайлоо алдындагы үгүтүн жазган. Бул мыйзам бузууга кирет. Аны болсо БШК текшерүүгө алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттерге мамлекеттик компаниянын кызматкери белгилүү бир талапкер үчүн акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүндө үгүт жүргүзүүгө укугу жок экендигин билдирди. Бирок, эгерде кызматкер эмгек акысы жок өргүү алуу жөнүндө арыз жазган болсо, анда эч кандай мыйзам бузуулар жок.

Эскерте кетсек, “Мекенчил” партиясынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков “MegaCom” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости