www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык изилдөөчү Швейцарияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) пайдубалынын төптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата жарык көргөн китептин каармандарынын бири болду.

Англис жана француз тилдеринде жазылган, ар улуттагы ийгиликтүү адамдардын өмүр таржымалы камтылган «Эл аралык Женевадагы 126 жүрөктүн кагышы» деген китепке Кыргызстандын атынан Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова тууралуу маалымат кирди.

Китептин кириш сөзүндө «Бул китепке кирген адамдар биздин дүйнөнү өзгөртүп, ар бири өзү билген жол менен жакшыртып жатат. Булар - жеке жана глобалдуу долбоорлору менен дүйнөнү бекем, бейпил жана бактылуу кылып жаткан жаңы парадигманын булагы болгон адамдар» деп жазылды.

Китепке көбүнчө Женевада адам укугу, коопсуздук, тынчтыкты сактоо жана гуманитардык багытта иш алып барган адистер тууралуу маалымат кирди. Алардын өзгөчөлүгү - өздөрү түптөп, өз идеясы менен жеке долбоорлорду ишке ашырып жаткандар.

Жүз жыл мурда, 1920-жылдын 15-ноябрында Женевада Улуттар Лигасынын алгачкы жыйыны өткөн. Дүйнөдө биринчи жолу мамлекеттер арасында мультилатерализм түптөлүп, Улуттар Лигасы кийинчерек Бириккен Улуттар Уюму болуп түзүлгөн.

Мурдагы журналист Чолпон Орозобекова Булан институтун үч жылдан бери жетектейт. Ага чейин Женевадан Эл аралык коопсуздук жана Саясат таануу боюнча магистратураларды аяктап, бир нече эл аралык уюмдарда иштеген. Учурда Булан институтунун Женевада офиси бар жана анда алты кызматкер эмгектенет. Институттун ар кайсы өлкөлөрдө изилдөөчүлөр жана эксперттер түйүнү бар. Булан институту терроризм, диний экстремизм жана адам укугу багытындагы изилдөөлөрүн англис тилинде жарыялап келе жатат. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости