www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Текебаев парламенттик шайлоодо депутаттардын наркын канчага баалаганы белгисиз, Сурабалдиева менен Токтогазиевби өкмөт мүчөлөрү болду. Ошол эле парламенттик шайлоодо Турсунбай Бакир уулун партиясы менен кошуп алып, өзүн 200 миң доллар бербейсиң деп, ким ара жолго таштап кетти. Экөөбүз тең намаз окуганыбызга карабай мени алдады деп, ал кишинин күйбөгөн жери күл болду. Ал турсун абийирин ачам деп болгон чындыктын баарын айтып чыкты. Аны жакшы билгендер ырааматылык Чубак ажы да «Бүтүн Кыргызстанга» кошулганда Турсунбай Бакир уулундай абалда калмак дешти. Кыскасы, чындыкты туу тутуп, чындык үчүн күрөшүп жаткандай таасир калтырууга аракет кылганы менен элди иренжиткен мындай кадамдары да барган сайын көбөйүп жаткансыйт. Ошон үчүнбү саясий чөйрөдө ага ишенип болбойт. Ал өз кызыкчылыгы үчүн эч нерседен баш тартпайт, бийликке, мансапка жетиш үчүн кара жанын карч урат, уят-сыйытты жыйыштырып коёт дешет. Көп саясатчылар аны сыйлагандай таасир калтырышканы менен анын президент болушун бири да каалабайт. Себеби, көп саясатчылар анын адамкерчилиги, жүзү жоктугунан чочулашат. Ичтеринде ал президент болгончо, анын башка атаандаштары болсо экен дешет. Ошондуктанбы анын партиясына бийликтен да, элден да колдоо таппай, куугунтук көргөндөр баш калкалайт. Анын тилинен башка колунан иш келбегенин билген кыраакы саясатчылар Ал оппозициялык фракцияга барса, ордун табат. Сыны менен бийликти жакшы иштешине салым кошот дешет. Сыягы, мындай сөздөр ал кызматты канчалык жакшы көрсө да, иши менен бийликтин ажарын ача албасын, каарын чаачып, көптөрдүн жүрөгүнүн үшүн алаарын кыйытат. Ошондуктанбы саясатчылар арасында ал ачуу сыны менен мыкты оппозиция гана боло алат деп айтышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости