www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Укук министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №31 түзөтүү абагынын жетекчиси А.Т.О. коррупция факты боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМкнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, А.Т.О. өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган.
КР Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча каралган кылмыштын негизинде «А.Т.О.» акча алып жаткан жеринен кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg