www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, миграция жана Тажикстандын калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Россиядагы тажик эмгек мигранттары үчүн сунуштарды таратты. Тактап айтканда, тажик жарандарына «орустарды коркутпоо үчүн сакал-мурутуна кам көрүү» сунушталат.

«Эгерде сакал-мурутуңуз шариятка ылайык сакталса, анда башкаларды коркутпаш үчүн күн сайын тазаланып, өзүңүзгө карап туруңуз», - деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Эмгек министрлиги тажик мигранттарын «туш келген жерде эмес», расмий түрдө белгиленген (уруксат берилген) жерлерде гана намаз окууга чакырат.

Эмгек мигранттарына жумуштан кийин китепканаларга, театрларга, музейлерге баруу, орус элинин маданиятын, тарыхын, тилин үйрөнүү жана урматтоо, мүмкүн болсо Россиянын жогорку окуу жайларына сырттан окуу сунушталат. Ошондой эле, мигранттарга тамеки чегүүдөн жана туура эмес жерлерде спирт ичкедиктен баш тартуу сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости