www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов октябрь окуяларындагы башаламандык боюнча башталган сот ишинде бийлик башындагы жетекчилерге кайрылды. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирет.

“Бардыгы ойдон чыгарылган, токулган иштер. Мени өкүндүргөнү - бир жыл мурун кандай иштер болсо, бул жолу дагы кайталанып жатат. Ички иштер министрлиги эч качан бул ишти тергебеш керек эле. Ички иштер министрлиги ал окуяларга күбө катары катышыш керек болчу. Мен президентке, Камчыбек Ташиевге, (УКМК башчычы - ред.) Курманкул Зулушевге (башкы прокурор - ред.) кайрылам. Өздөрүнүн башынан көптөгөн кыйынчылыктар өткөн. Бүгүнкү күнү ошол окуялар кайра кайталанып жатат. Акыйкат бир күнү орнойт, ошондо ушул жерде отургандар уят болуп калбаш керек”, - деген Асанов.

Бүгүн, 8-октябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы башаламандыкка байланыштуу сот иши башталды. Отурумга айыпталуучулардын бири Темирлан Султанбеков келбей калганы үчүн сот отуруму 18-октябрга жылды.

Октябрь окуяларындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков айыпталуучу катары өтүп жатат.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин айтуусунда, октябрь окуялары боюнча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго дагы кылмыш иши козголгон. Бирок анын иши өзүнчө бөлүнгөн.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов октябрь окуялары боюнча биринчи жолу 2020-жылы 10-октябрда кармалып, 4-ноябрда үй камагына бошотулган. Ал 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкер болуп чыккан. 2021-жылы 26-январда октябрь окуялары учурунда Ички иштер министрлигинин имаратын басып алган деп кайра камалган. 12-апрелде үй камагына бошотулган.

Асанов 14-сентябрда кайра камалды. Бул жолу Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, аны уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) негизинде шектүү катары кармалган.

Адвокат Чынара Жакупбекова 6-октябрда социалдык тармакка тараган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусиянын жана Казакстандын эки экспертизасы монтаждалган деп тыянак чыгарып бергенин билдирип чыкты.

Ички иштер министрлиги Асановдун адвокаттары өткөргөн экспертизалар башка материалдарды салыштыруу менен өткөрүлбөгөнүн билдирип, мамлекеттик тийиштүү органдар жаңы экспертиза өткөрө турганын жарыялады. Курсан Асанов 2011-2019-жылдары ички иштер министринин орун басары болуп иштеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости