www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептер онлайн форматка өтөбү? Мэрия кайрылуу жасады

Бишкек мэриясы №67 мектептин карантинге жабылганына байланыштуу учурда кадимки тартипте билим алып жаткан балдардын ата-энелерине кайрылуу жасады. Бүгүн бул мектеп-гимназиянын эки окуучусу менен бир мугалиминен коронавирус табылганы айтылып, мекеме эки жумага карантинге жабылганы кабарланган.

"Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздардан сасык тумоонун белгилери же ооруган адамдар менен байланышта болгонун байкасаңыздар мектепке жана бала бакчага жибербей, үйдө калтырууну суранабыз. Эгер ооруп калышса, күтпөстөн дарыгер чакырыңыздар. Мектептеги жана мектепке чейинки балдар коронавирустун алып жүрүүчүсү болуп, башкаларга жуктурушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет ооруп жаткан жарандарды карантиндик режимди сактоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости