www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кыргызстан инвестиция тартууда артта калган өлкө экени белгилүү. Биздеги туруксуз кырдаал, коррупциялык элементтер тескери таасир берип келет. Бул маселе чечилеби? Канткенде сырткы киреше булактарын ишендире алабыз?.. 

- Инвестициялардын келиши өлкөдөгү инвестицялык климатка түздөн-түз көз каранды, ал ыңгайлуу болуусу шарт. Ал эми инвестициялык климат - бул көп факторлуу нерсе. Биринчиден, мамлекеттик бийликтин жана анын ички-тышкы саясатынын туруктуулугу, ырааттуулугу. Экинчиден, мамлекеттик бийликке карата ички-тышкы ишеним. Үчүнчүдөн, өлкөдөгү коррупциянын деңгээли, аны менен күрөштүн ырааттуулугу. Төртүнчүдөн, өлкөдөгү мыйзамдардын туруктуулугу, ишкерлик кылуунун эрежелеринин тактыгы. Бешинчиден, инвесторлорго жана инвестицияларга карата берилүүчү кепилдиктер, алардын корголушун камсыз кылуу. Алтынчыдан, өлкөнүн инвесторлор үчүн кызыктуулугу, аймактын же дүйнөлүк рыноктогу орду.

Булар орчундуулары эле, мындай факторлорду дагы санай берсе болот. Бул шарттар негизинен аткарылбай турган жерге инвесторлорду айдасаң да келбей турганы талашсыз нерсе.

Булак: Азия News гезити

Последние новости