www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай районун Актурпак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын жашоочусу Абдиманнап Турсуматов, айыл өкмөттөгү мыйзамсыз болуп жаткан иштер тууралуу жана уюшкан кылмыштуу топтун үстүнөн арыз менен кайрылган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-декабрда NazarNews маалымат агенттигине Баткен облусунун тургуну Абдиманнап Турсуматов билдирди.

--Мен, аларды сотко бергенден кийин 18-октябрда Санжар аттуу жигит менен уюшкан топ мени Ош шаарынан кармап алышып, сабап, 10 миң сом акчамды жана 13 миң сомдук телефонумду алып коюшту. Алар, “Ак-Турпак айыл өкмөтүнүнүн Алчывай Төралиевдин үстүнөн арыз жазба, эгерде арыз жаза турган болсоң сенин балдарыңды, үй-бүлөң менен өлтүрүп кетебиз” деди. Учурда менин өмүрүм коркунучта”, - деди Абдиманнап Турсуматов.

Ал эми Баткен ОИИБнын ЖИБТнын улук ыйгарым укуктуу кызматкери милициянын майору А.Надиров, КР ИИМнын жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын начальниги милициянын подполковниги С.Аманкуловго төмөнкүчө маалымат берген.

--2020-жылдын 28-октябрында Кадамжай районун Актурпак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын жашоочусу Абдиманнап Турсуматов, Кадамжай ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө денесиненен жаракат алып кайрылган. Ошол эле күнү аталган бөлүмдүн медкызматкерлери А.Турсуматовдун денесинен жаракат алгандыгы туурасында Кадамжай РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө маалымдашкан.

Турсуматов, түшүнүк катында, «Уюшкан топ мени Ош шаарынан кармап алышып, сабап, 10 миң сом акчамды жана 13 миң сомдук телефонумду алып коюшту. Алар, “Ак-Турпак айыл өкмөтүнүнүн Алчывай Төралиевдин үстүнөн арыз жазба, эгерде арыз жазууну токтоткун”, деп эскертүү беришкен. Анын негизинде кылмыш тергөө жүргүзүлуп кылмыш иши ачылганы менен азырынча жыйынтык чыга элек.

Төмөнкү тасмада жабырлануучу Абдиманнап Турсуматовдун маеги толугу менен:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости