www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада калкты Covid-19дан жапырт эмдөө башталды

Россияда коронавирустан эмдөө иштери бүгүн, 5-декабрда башталды. «Спутник V» дарысы менен эмдөө алгач Москва шаарында башталып, өлкөнүн аймактарында кийинки жумада жүргүзүлөт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, алгачкылардан болуп калк менен тыгыз мамиледе иштеген адамдарга эмдөө өткөрүлөт: дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер эмделет. Борбор калаада алгачкы 5 саат ичинде эле эмдөөдөн өтүүнү каалаган 5 миңдей адам катталганы айтылды. Москвада мамлекеттик жана жеке менчик тармактарда эмгектенген 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар катталса болот.

«Спутник V» дарысы кош бойлуу жана бала эмизген айымдарга, өнөкөт оорусу бар жарандарды эмдөөгө сунушталбаган вакцина экенин Орусия Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматта эскертип өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости