www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бозгунда жүргөн казакстандык оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов 2011-жылы тарыхта "Жаңы-Өзөн окуясы" деген ат менен калган нааразылык акциясына баасын берди.
Белгилей кетсек, буга чейин экс-президент Нурсултан Назарбаев кандуу окуяга Аблязовду айыптаган болчу. Мухтар Аблязов бул айыптоого жооп кайтарып, 2011-жылы кандуу окуя эмне себептен чыкканы жана ага борбордук жана жергиликтүү бийлик башчылары менен күч түзүмдөрүнүн ролу кандай болгону тууралуу оюн айтты.
Аблязов мунайчылардын козголоңун басуу үчүн тынч элге курал колдонуп, кандуу чагымды уюштурууга ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев менен Атырау облусунун мурдагы жетекчиси Бергей Рыскалиев баш болгон жетекчилердин аты аталганын белгиледи.
Бергей Рыскалиев кийин кызматтан алынып, бюджеттик акчаны уурдаганы үчүн 17 жылга сыртынан кесилген. Ал азыр Англияда жашайт. Рыскалиев окуяга тиешеси бар болсо, анда аны эбак эле бийлик кылмыш жообуна тартмактыгын айтып, комментарий берди. Буга байланыштуу ал Аблязовду Европа сотуна берерин эскерткен.
Нурсултан Назарбаев "Жаңы-Өзөн окуясынын" он жылдыгына карата мамлекеттик телеканалдарда көрсөтүлгөн даректүү тасмада ага Мухтар Аблязовду айыптаган.
"Бул Аблязовдун иши. Майрам учурунда аянтта тургандарга кол салуу болгон. Азыр баары түшүнүктүү болду. Биз изилдеп көрдүк. Ошентип бирөөлөргө акча берип, аларга мунайчылардын кийимин кийгизип, аракка тойгузуп, "Молотов коктейлин" даярдап колдоруна берген. Эгемен күн, аянтта концерт болуп жаткан. Эл көрүп турган. Алар концертти үзгүлтүккө учуратышкан. Андан ары токтобой, милициянын имаратын талкалаганы барышкан. Ал жактан курал кайда экенин издешкен", - дейт даректүү тасмада Нурсултан Назарбаев.
Даректүү тасманы америкалык кинорежиссер, сценарист жана продюсер Оливер Стоун тарткан. Сегиз сааттык тасманын экинчи сериясы жакында эле мамлекеттик телеканалдарда көрсөтүлдү.
Тасмада Назарбаев 2011-жылы окуядан кийин башкалардын кеңешине карабай Жаңы-Өзөнгө учуп кеткенин айтат.
"Мен түнү вертолет менен учуп келгем. Эртең менен тополоңду көрдүм. Дүкөндөр, почталар өрттөлдү, полиция бекеттери талкаланды. Мен тургундарды залга чогултууну сурандым", - дейт Назарбаев.
Бирок экс-президент Жаңы-Өзөнгө ал кыргындан бир жумадан кийин барган. Нааразылык акциясына чыккандардын көбү ошол учурда президент менен жолуга албай, полициянын кысымына кабылганын айтышкан.
Булак: NazarNews.kg