www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдын мимикасын туурап,  жылмайып, көз кысканды үйрөнгөн робот интернет колдонуучуларды таң калтырууда.

Британиялык “Engineered Arts” компаниясы тарабынан жасалган жаңы роботтун башы гана болгонуна карабастан, ал эң реалдуу робот-гуманоиддердин бири болуп саналат.

Робот “Adran” деп аталып, 22 атайын механизм менен жабдылган, ал машинанын көзүн жана оозун адам сыяктуу кыймылдатуусуна мүмкүндүк берет.

“Adran” роботунун видеосу компаниянын YouTube каналына жайгаштырылган.

Андан роботтун камерага көзүн кысып, жаагын ары-бери кыймылдатып, алтургай жылмайып жатканын көрүүгө болот.

Жан киргендей болгон роботтун видеосун жүз миңдеген адамдар көрүшүп, жүздөгөн колдонуучулар комментарийлерди калтырышууда.

Буга чейин аталган компания адам сымал “Ameca” роботунун жаңы моделин көрсөткөн.

Адамга куюп койгондой окшош роботтун видеосун көргөн интернет колдонуучулары анын кыймылынын жана мимикасынын табигыйлыгына таң калышса, айрымдарынын мындай реалдуулуктан үрөйү учкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости