www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эл аралык, ошондой эле энергетика маселелерин талкуулай турганын орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кремлдин маалыматына ылайык, мамлекет башчылары 2021-жылы орус-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштин жыйынтыгын чыгарып, келечекте кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарына токтолушат.

«Эл аралык иштерде, айрыкча Европа континентинде кырдаал абдан курч жана, албетте, союздаштардын, Москва менен Пекиндин ортосунда талкууну талап кылат. Биз НАТОнун да, Америка Кошмо Штаттарынын да абдан агрессивдүү риторикасын көрүп жатабыз», - деди Песков.

Ал кошумчалагандай, салттуу түрдө аймактык көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болот.

Лидерлердин Кытайга газ жеткирүү жана жаңы келишимдер темасын козгойбу деген суроого Песков «энергетикалык диалог сөзсүз түрдө күн тартибинде болот», - деди.

Сүйлөшүүлөрдө негизги орунду эки тараптуу мамилелер, анын ичинде жогорку технологиялар, биргелешкен инвестиция жана соода тармагындагы кызматташуулар ээлейт.

Белгилей кетсек, буга буга чейин сүйлөшүүлөр шаршемби күнү видеоконференция форматта өтөөрү айтылган.

Эске салсак, саясатчылардын буга чейинки жолугушуусу да онлайн режиминде өткөн. Ал 28-июнда болуп өттү жана жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча орус-кытай келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына карата уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости