www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыкулдун котормосу оригиналынан алда канча бийик деӊгээлде болгонун Грузиялык 7 акын моюндаптыр. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«11-декабрда айткандай айтылуу Алыкул Осмоновдун эскерүү кечеси болду. Кечеге М.Шеримкулов, Э Абакиров, Э.Эрматов, Б.Исаев, И.Султаналиев баш болгон мамлекеттик жана партиялык ишмерлер, окумуштуулар, чет өлкөлүк коноктор, Панфилов районунан келген Алыкул Осмонов атындагы адабий ийримдер баштаган бир топ жаш акындар жана Алыкул Осмонов атындагы 68 мектептин директору баштап келген окуучулар кечени бийик деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө болду.

Доклад кылган жана жарыш сөзгө чыккандарды токтотуш кыйын болду. Себеби Алыкулдун айтылбаган, изилденбеген жактары ачылды. Алыкул Осмоновко окшогон таланттуу акындарыбызды, жазуучуларыбызды эмне үчүн кыргыздар билген деӊгээлде А.С Пушкин, Л.Толстой, Достоевский, Марк Твен, Эрнест Хемунгией, Джек Лондон, Эмиль Золя Т.Драйзер сыяктуу эле Кыргызстандын орус тилдүү калкы билбейт. Билсе да билмексен. Орус жана Англис, Кытай тилдеринде котормолор жокко эсе.

Кыргызстандагы орус тилдүү мектептердин программаларында кыргыз элинин чыгармачылыгын, маданиятын, тарыхын камтыган саатардын саны аз же жок. Кыргызстандагы бардык мектептердин окуу программалары тилине карабай бирдей болушу керек деген маселе коюлду.

Ансыз Кыргыз элинин маданиятын, цивилизациялык деӊгээлин, тарыхын эл аралык деңгээлге көтөрө албашыбыз ачык болуп калды. Бул биздин башчыларыбыз ойлоно турган оор маселе экени белгиленди.

Дагы бир ачылыш кесиби юрист Бекибай аксакалдын Алыкул Осмонов эркин которгон «Жолборс терисин кийген баатыр» аттуу Шота Руставелинин чыгармасын изилдоосу болду. Себеби Бекибай аксакал атайын Грузияга барып бул китептин оригиналы менен котормону ошол Грузиянын акындары менен талкуулаптыр.

Талкуунун жыйынтыгында Алыкулдун котормосу оригиналынан алда канча бийик деӊгээлде болгонун Грузиялык 7 акын моюндашыптыр. Демек Алыкулдун таланты, котормочулугу дүйнөлүк деӊгээлде экени талашсыз болгон.

Ал эле эмес А.С. Пушкиндин «Бороон» деген ырынын котормосу ушул күнгө чейин теӊдешсиз. Алыкулдун ырларын түрк тилине которгон Каракол университетинин окутуучусу түрк жигитинин ырлары абыдан жакты.

 Кечени жогорку деӊгээлде уюшьурган Алыкул Осмонов атындагы фондунун жетекчилигине, Алыкул Осмоновдун Панфилов районундагы музейинин дирекциясына жана Монолдор коомдук уюмуна Алыкул Осмоновду даӊктоого өз салымын кошкондорго төш белги тагып өзүлөрүнүн ардак грамоталары менен сыйлагандарына ыраазычыл билдирдик. Тостор айтылды, Алыкулдун ырлары окулду, Алыкулга арналган ырлар андан көп болду. М.Шеримкулов аксакалдын кыргыз элинин маданиятын данктоого кошкон салымы жогору бааланды.

Мындай кечелердин бардык кыргыздын атактуу жазуучуларына жана акындарына арнап 18-19 кылымдагы жаш орус дворяндарынын кечелерине окшоп көп көп өткөрүлүп турушу керек экени калетсиз. Бул биздин руханий дүйнөбүз», - деп белгилеген Сарыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости