www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун тургуну Абсатар Анарбаев учурдагы саясий кырдаалга байланыштуу “NazarNews” маалымат агенттиги аркылуу жалпы коомчулукка кайрылып, ынтымакка чакырды.

--“Азыркы саясатчыларды, талапкерлерди түндүк-түштүк деп бөлүнбөй ынтымактуу болууга чакырат элем. Дүйнөдө кырдаал жакшы эмес, анын ичинде Кыргызстан дагы ынтымак ыдырап турганда, кыргыздын балдары биригип, ынтымакта иш алып барышсын. Бир талапкер президент болсо, калган талапкерлер каршы чыкпай, колдоп Кыргызстанды көтөрүшсүн. Тирешкенде эч нерсе чыкпайт, эл араң турат, толкуп кетпесин. Ушул толкуган элди бир гана ынтымакчылык бириктирет. Баарыбызга белгилүү болгондой Камчыбек Ташиев жана башка кызматтар жакшы иштеп баштады. Камчыбек Ташиев мыкты иштеп жатат. Ал түштүк жергесинде өтө салмактуу, элге эмгеги сиңген, эл тааныган, сыйлаган жигит. Мына Садыр Жапаровду Ташиевдин досу деп анын кадыр-баркы менен колдоп жатышат. Мындан ары ушул нукта алдыга умтулалы. Ким келечекте кыргыз элине ак кызмат кылып, өлкөнү өнүктүрөм десе кызматтарды берсин. Алар таза иштеп берсин. Ал эми талапкерлер добуш талашып, элди тополоңго салбагыла. Коомчулукка дагы кайрылам, түндүк-түштүк дебей татыктуу адамды президент кылып шайлайлы. Биримдиктүү бололу, айрым күчтөрдүн куралы болуп, ар кандай ыплас нерселерге азгырылбайлы. Өлкөгө тынчтык керек, биримдик керек”,- деди ал.  

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости