www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз өзүбүздү өзүбүз тааныбай, маданиятыбыздан алыстап, тарыхыбызды унутуп, эне тилибизди жээриген сайын Улутубузга терс көрүнүштөр көбөйө берет. Мындай пикирин Медербек Ысманалиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Артка, өзүбүзгө кайталы...
Бир жыл мурун КР мурунку Билим берүү жана илим министри, маркум Исаков Каныбек агайдын кабылдоосунда Мураталиев Мелис мырза менен болгон элек. Максатыбыз - Кыргыздын маданиятын, тилин, тарыхын кенен жайылтуу жана өнүктүрүү.
Ошондо Каныбек агай жанды кейиткен бир болгон окуяны айтып берген эле:
бир жигит үйлөнүп, күйөө жанчы достору менен кыздын үйүнө кыз тойго барышат. Күйөө балдарды каада-салты менен тосуп алышып, үйгө киргизишет. Ал жердин салты боюнча дасторкондун бетине чоң, кооз, даамдуу патыр нандарды коюшат. «Келгиле, коноктор, отуруңуздар. Кана, нандан сындырыңыздар» дегенде күйөө баланын бир досу чоң патырды алып, тизесине уруп сындырат.
Ошондо раматылык Каныбек агай «мына кандай муун өсүп келе жатат!» деп кайгырган эле.
Эми, кечээки, апасынын бетине тортту чаптап салган баланын кылыгын кандай түшүнсө болот?!
Ыйык жер бош калбайт (свято место пустым не бывает).
Биз өзүбүздү өзүбүз тааныбай, маданиятыбыздан алыстап, тарыхыбызды унутуп, эне тилибизди жээриген сайын Улутубузга терс көрүнүштөр көбөйө берет. Боштукту башка маданият, бөтөн элдердин баалуулуктары менен толтуруп жатабыз.
«Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам» демекчи, майда нерсе болбойт. Саясат деп жүрүп маданиятты, улуттук баалуулуктарды, каада-салты унутта калтырып отуруп, кейпибиз - нанды бут менен сындырган, тортту апасынын бетине жаба чапкан муунга ээ болдук. Аттиң...», - дейт ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg