www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Махараштра штатында ооруканалардын биринде өрт чыгып, он ымыркай өрттөнүп кетти.

Маалым болгондой, окуя Бханд шаарындагы райондук оорукананын жаңы төрөлгөн балдар бөлүмүндө түнкү саат экилерде болгон. Медайым жаңы төрөлгөн балдардын палатасынан чыккан түтүндү байкап, өрт тууралуу дароо дарыгерлерге жана башка кызматкерлерге кабарлаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жалындын чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон.

"Бүгүн таңкы саат 02:00дө Бандар райондук жалпы ооруканасынын жаңы төрөлгөн балдарды кароо бөлүмүндө чыккан өрттөн он бала көз жумду. Палатадан жети бала куткарылды", - деди райондук хирург Прамод Хандат.

Медициналык мекеменин өкүлдөрүнүн айтымында, палатада бир айдан үч айга чейинки ымыркайлар болгон.

Жабыркаган балдар башка палатага которулду. Ага кошумчалай, алдын алуу максатында жандандыруу бөлүмүнөн, диализ бөлүмүнөн жана төрөт бөлүмүнөн бейтаптар башка бөлүмдөргө жеткирилген.

Премьер-министр Нарендра Моди окуяны "жүрөктү ооруткан трагедия" деп мүнөздөдү. Ошондой эле, ал курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Махараштранын башкы министри Уддхав Такерей курман болгондордун жакындары менен аза күтүүдө. Чиновник окуяны иликтөөнү, ошондой эле каза болгон балдардын үй-бүлөлөрүнө 500 миң рупий (болжол менен 6,8 миң доллар) төлөп берүүгө буйрук берди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости