www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Адахан Мадумаров Жеңиш Молдокматовдун октябрь окуяларына байланыштуу 2 айга камалганы боюнча билдирүү жасады.

Мадумаровдун айтымында, Жеңиш Молдокматовду октябрь окуяларына байланыштырып камаганы жөн гана шылтоо.

«Жеңиш Молдокматовду октябрь окуяларына байланыштырып камаганы жөн гана шылтоо.

Ал азаматыбызды чек ара боюнча ыңгайсыз суроо берип, аны жетектеген инсандардын отставкасын талап кылып, Баткенге жетип барып, болгон окуя, кырдаалды бүтүндөй Кыргызстанга ачык-айкын чагылдырып коюшу камалышына себеп болду», - деди Мадумаров.

Эске салсак, былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, атайын кызматты, басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен.

Өз кезегинде Жеңиш Молдокматов соңку парламенттик шайлоодо «Замандаш» партиясын жетектеп барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости