www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас" аэропортунун башчысы Бактыбек Сыдыков бир ай мурда эле уурдалган акчаларды бюджетке кайтарып берип же болбосо кызматтан алынышы керек эле",- деп Баштан Башта жарандык кыймылы Фейсбук баракчасында жазып чыкты.

Ал парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкерлигин көрсөтүп, буга чейин 2007-2010-жылдары эле "Манас" эл аралык аэропортун жетектеген. "Манастын" башчысы болуп турган чагында, прокуратура Сыдыковду аэропорттун коллегиясынын мүчөлөрү менен кылмыштуу макулдашууга барган деп айыптаган. Прокуратуранын маалыматы боюнча, Сыдыков аэропорттун май куюучу комплексин мыйзамсыз сатууну көздөгөн.

Ошондой эле, Сыдыков "АККА" Коомдук Фондунун жетекчиси - фонддун компаниялары Кыргыз Футбол Биримдигинин расмий демөөрчүсү.

Дагы да эске сала кетчү нерсе, Бактыбек Сыдыковдун атасы Үсөн Сыдыков Курманбек Бакиевдин убагында Президенттин Администрациясынын биринчи башчысы, кийин анын кеңешчиси болгон.

Анан ушундай аракеттерден кийин Садыр Жапаровго кантип ишенүү керек?

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости