www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кечээ окууну бүтүп, бүгүн жумушка орношкондор коррупция кылышууда”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Бизде мыйзамдар абдан жакшы жазылган. Бирок иш жүзүндө алар колдонулбайт. Ар ким өз билемдигине салып каалагандай иш кыла берет. Анан чаржайыт баш-аягы жок көрүнүштөр кайталанууда. Мисалы, бир долбоорду аягына чейин ишке ашырган киши жок. Эптен акча жасоонун амалын көрүшөт. Анан былыктары чыгып, УКМК же ИИМ текшерегенде чыгып калат дагы, ортодон камалып, баягы иш аягына чыкпайт. Учурда бир дагы адам мамлекет үчүн иштейин  дебейт. Баары эле чөнтөккө кызыгып калышты. Ошондуктан тартипке салбаса жаман. Кийинки жаштар дагы улуулардан үйрөнүп алышты. Керек болсо кече эле окуу жайды бүтүп, бүгүн жумушка орношкон балдар эртеси эле коррупция кылып кармалып жатат. Коомдун аң-сезими дагы бузулду. Андыктан бийлик өкүлдөрү жемкорлукка жол бербей эртерээк катуу көзөмөлгө алышы зарыл”, - дейт Сарыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости