www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын борбору Ереван шаарында оппоцизиялык маанайдагы жарандар митинге чыгып, премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Нааразычылык акциясына чыккандар көчөлөрдү жаап жатышат. Ошол эле учурда полиция митингге катышкандардын айрымдарын кармап жатканы кабарланды.

Эске салсак, Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген.

Ага ылайык, Агдам району менен Газах районундагы аймак 2020-жылдын 20-ноябрына чейин Азербайжанга кайтарылган. Ошондой эле Армения 15-ноябрга чейин Азербайжанга Кельбаджар районун, 1-декабрга чейин Лачын районун өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн. Мындан улам армениялыктар өкмөт башчыга каршы чыгып, отставкасын талап кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости