www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап жатат.
Буга байланыштуу соттун имаратына мамлекеттин мурдагы башчысынын тарапкерлери чогулуп, аны боштондукка чыгышын талап кылып жатышат. Түрдүү транспаранттарды кармагандар «Атамбаевге боштондук!» деп кыйкырып турушат.
Эске салсак, Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү жөнүндө чечим чыгарган.
2019-жылдын август айында кармалып, алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган Атамбаев быйыл ноябрь айында №47 колонияга которулган.
Соттун бул чечиминен кийин анын адвокаттары Жогорку соттун Алмазбек Атамбаевге байланыштуу чечими райондук сотко келип түшүп, алар чечимди Жаза аткаруу боюнча мамлкеттик кызматка жиберүүгө милдеттүү болчу. Алар Атамбаев дароо бошотулушу керек эле деп эсептешет.
Булак: NazarNews.kg