www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык актёр Уилл Смит «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде жубайына болушуп алып баруучуну бетке бир койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалым болгондой, алып баруучу Крис Рок сахнада сүйлөп жатып, Уилл Смиттин жубайы Жейданы шылдыңдаган.

Видеодо көрүнүп тургандай, актёр сахнага чыгып барып, кесиптешин бетке бир коёт дагы ордуна келип жубайынын жанына отурат.

Ал «Жейда, мен сени жакшы көрөм. Жакында «Солдат Джейн 2» тасмасынан көрүп калам деп ишенем», - деди.

Буга чейин Смиттин жубайы жакында эле чачы түшүп, азыр дарыланып жатканын айткан.

Ал эми алып баруучу Крис Рок  актёр Уилл Смиттин үстүнөн милицияга арыздануудан баш тарткан.

АКШда «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда Уилл Смит «Король Ричард» тасмасындагы ролу үчүн «Эркектин мыкты ролу» номинациясы боюнча «Оскар» сыйлыгына татыды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости