www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын жергиликтүү ЖМКлары Коргоо министри жана Тоолуу Карабах Республикасынын Коргоо армиясынын командири Жалал Арутюняндын каза болгонун билдирди. Анын өлүмүнүн болжолдуу учурунун видеосун Haqqin.az шейшемби күнү жарыялаган.

Лента.ру басылмасынын билдирүүсүнө караганда, тармактарда пайда болгон кадрларда Азербайжан тараптын билдирүүсүнө ылайык, Арутюнян болгон кызматтык унаа дагы бир нече автоунаалардын коштоосунда жолду бойлой айдаганын көрсөтөт. Аны ыкчам-тактикалык орто бийиктиктеги дрон байкап, андан кийин сокку урат. Өрттөлгөн унаа дагы бир нече метр аралыкты көздөй өтүп, токтойт. Видеонун экинчи жарымында күйүп жаткан унаанын жанында кыймылсыз жаткан бир нече адамды көрүүгө болот.

Haqqin.az билдиргендей, Арутюнянды өлтүрүү Азербайжандын Коргоо министрлиги тарабынан өлкөнүн атайын кызматы менен биргеликте даярдалган. Атайын операция учурунда министрдин унаасы тынымсыз көзөмөлдө турган. Унаага сокку Арутюнян согуштук позициялардын бирине баратканда жасалган, деп жазат басылма.

Ошол эле учурда, шейшемби күнү, Тоолкуу Карбахтын Президентинин пресс-катчысы Вахрам Погосян Арутюняндын өмүрүнө эч кандай коркунуч келтирилбегенин, бирок анын жарадар болгонун мойнуна алган. Буга байланыштуу, аталган өлкөнүн башчысы Арайк Арутюнян Жалал Арутюнянды коргоо министринин кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алды, деп маалымдаган РИА Новости.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости