www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-октябрда "Эмгек резерви" республикалык дене тарбия жана спорт борборунун директорунун орун басары Жайнакбек Нарбеков жол кырсыгына кабылып каза болду.

"Жайнакбек досунун инисине өкүл ата болуп, Ак-Талаага тойго барып келе жатып жол кырсыгына кабылып каза болду. Унааны башкарып келе жаткан айдоочу уктап кеткен экен. Жайнакбек "Эмгек резервинде" жөнөкөй жумушчудан баштап, директордун орун басарлыгына чейин жеткен. Учурда анын келинчеги дагы оор абалда ооруканада жатат. Келинчеги Жайнакбектин каза болгонун уга элек", - деди дүйнөнүн ММА боюнча чемпиону Улан Эралиев 

Жайнакбек Нарбеков 1989-жылы 3-октябрда төрөлгөн. Ал самбо, дзюдо, кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери, самбо, казак күрөшү боюнча эл аралык даражадагы калыс, самбо жана дзюдо боюнча машыктыруучу болгон. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин мүчөсү болчу. Өкмөттүн ыраазычылык каттары жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

Жайнакбек Нарбековдун артында үч баласы калды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости