www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Нарындагы бала-бакчаларга бийлик көңүл бурушу керек», - деди бүгүн, 1-июнда Наарын облусунун аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Жумабаева.

«Наарын шаарындагы №4 бала бакчанын кызматкерлери жеке менчик үйдү ижарага алып, 30 орундуу бала бакчага 80 баланы окутуп жатат. Бала бакчага керектүү болгон нерселерди өз чөнтөктөрүнөн чыгарып, жада калса бекер иштеп жүргөн учурлдары да болгон.

Ал эми облуска Түркиялык ишкерлер тарабынан бала бакча ачуу пландалып жаткан, бирок, жергиликтүү бийлик аны башка жакка буруп, өздөрүнүн кызыкчылыгына иштетип жатабы белгисиз», - деп белгиледи Жумабаева.

Белгилей кетсек, Наарын облусундагы социалдык коргоонун кызматкерлери иштеп жаткан мурдагы бала бакча дагы деле мамлекетке кайтарыла элек.

Ошондой эле тургун, бийлик өкүлдөрүн карапайым элдин да жашоосуна көңүл буруусун өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости