www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын элчилигинин алдына адамдар чогулду

Бүгүн, 1-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өтүүдө. Чогулгандар «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылып жатышат.

Элчиликтин алдына 50дөн ашуун адам чогулду. Алар «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүлөрү, окуучулары жана ата-энелер экенин айтышты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-июнда Бишкекте «Сапат» лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырды. Анын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылган. Атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости