www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Бельгияга барууну пландап жатат

Бүгүн, 1-июнда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү, элчи Питер Буриан менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Питер Буриандын кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу уюштурулган. Анын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын оң маанайда өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти. Ошондой эле эки тараптуу жана жергиликтүү маселелер, анын ичинде алдыдагы иш-чаралар, долбоордук жана программалык кызматташуу, туруктуу экономикага өтүү, экология, инвестицияларды тартуу, аймактык коопсуздук, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды.

Тараптар «Европа Биримдиги—Борбордук Азия» экономикалык форумун ушул жылы күзүндө Бишкекте өткөрүүнү макулдашышты.

Андан тышкары тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин өнөктөштүгү жана кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну талкуулап, ага президент Садыр Жапаров Бельгиянын борбору Брюсселге иш сапары менен барганда кол коёру айтылды.

Жолугушуунун соңунда Казакбаев Бурианга Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн Тышкы иштер министрлигинин «Эл аралык кызматташууну бекемдөө үчүн» медалын тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости